Бир кадр менен: Журналист Болот Темиров кеңсесин беткапчан адамдар тинтип жаткан учурда

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев. 

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине ит ээрчиткен беткапчан адамдар кирип келди. Алар журналисттердин баарын жерге жаткырып, тинтүүгө алышты.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, «орган» кызматкерлери аларга бир кыз Болот деген киши «бозүйдүн жанында нашаа чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон буюмду салып, көп өтпөй алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Алар бир нече саат бою эшиктерди жаап алып, эч кимди киргизбей турушту. Өздөрүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерибиз, юрист деп тааныштырган адамдар кирип-чыгып турушту.

Көп өтпөй Болот Темировдун кеңсесинен процессор, камера жана документтерди алып чыгып кетишти. Буюмдарга мөөр басылган эмес. Аны менен катар журналист Болот Темировду беткапчан, куралданган, спецназдар кийүүчү формачан бир нече адам алып чыгып кетти. Журналистти кайда алып кеткени азырынча белгисиз.

Temirov Live бул окуяны ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Бир нече күн мурда алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээнине байланышкан иликтөө жарыялашкан.