Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19дан үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 5-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 162 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 92;
  • Чүй облусунда — 42;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 7;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 2.

Ошондой эле, 5-февралга карата республика боюнча 385 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 326 жетти. Ал эми өлкө боюнча 190 368 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 899 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 913 бейтап, үй шартында 3 609 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.