Каракол: «Кумтөргө» жумушка орноштурам деген киши «алдамчылыкка» шектелип кармалды

Каракол шаардык милициясы «Кумтөр» ишканасына жумушка орнотууну убадалап 365 миң сом сураган кишини «алдамчылыкка» шектеп кармады. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга Ак-Суу, Жети-Өгүз району жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылган. 2019-жылы Нурлан деген киши арыз ээлерин «Кумтөргө» жумушка орноштурам деп 365 миң сом сураганын билдиришкен.

Кармалган шектүү. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы.

Милиция бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы «Ш.Н.» аттуу тургунун кармады.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кармалган кишинин башка дагы тогуз алдамчылыкка тиешеси бар экенин аныктады. Ошондой эле, анын «Кумтөр» кенинде иштебей турганы да белдилүү болду.

Шаардык сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, бир айга камака алуу чечимин чыгарды. Каракол шаардык милициясы учурда тергөө иштери уланып жатканын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Ысык-Көл районунун 37 жаштагы тургуну «алдамчылыкка» шектелип кармалган. Ал аял дагы Бишкек шаарынын тургунун «Кумтөргө жумушка орноштурууну убадалап төрт миң доллар сураган». Шектүү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кумтөр» — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Centerra Gold Inc. компаниясынын «туундусу» болгон Канаданын «Кумтор Голд Компани» иштетип келет. Өткөн жылы «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр» — бюджет түзүүчү ишкана.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Кумтөргө жумушка орноштурам». Ысык-Көлдө аял алдамчылыкка шектелип кармалды