Жалал-Абад шаарында 17 жаштагы окуучу кызды никеге тургузуу максатында уурдаган төрт киши 4 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды. Өкүмдү шаардык сот 31-январда чыгарды.
Окуя 2021-жылдын 8-декабрында болгон. Анда кылмышка күбө болгондор «ала качуу» учурун видеого тартып алып, соцтармактарга тараткан. Тасмада өспүрүм кыз курбусу менен каршылык көрсөткөнүнө карабастан төрт киши аларды «Матиз» үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен.
Анын эртеси күнү Жалал-Абад ШИИБи кызга үйлөнүүнү каалаган 27 жаштагы «С.М.А.» аттуу киши жана анын 26 жаштагы шериги «Р.Н. уулу» кармалганын, дагы экөө изделип жатканын билдирген. Көп өтпөй негизги шектүү үй камагына чыгарылган, ал эми ага кызды уурдоого жардам берген шериги эки айга камакка алынган.
Кийинки милиция кылмышка тиешеси бар 21 жаштагы «А.М.Д.» жана 27 жаштагы «М.М.К.» кармаган.
Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алышкан. «С.М.А.» жабырлануучу кызды «көптөн бери тааныганын» жана «ала качуудан» мурда эки жумадай сүйлөшүп жүргөнүн айтып берген. Бирок жабырлануучунун жашы жете электигине байланыштуу кыздын ата-энеси ага «бир жыл күтүп туруусун» айткан.
Буга карабастан «С.М.А.» шериктери менен бирге жабырлануучуну күч колдонуп уурдап, Базар-Коргон районунун Акман айылындагы агасынын үйүнө алып бармакчы болгон. Жолдо айыпталуучулар өспүрүм кыздын телефонун алып коюшкан. Ал эми «С.М.А.» апасы менен байланышканда ал «кыздын ата-энеси көнбөй койду, милиция кызматкерлери да келди» деп айткан.
Мындан улам «С.М.А.» жабырлануучу кыз менен Жалал-Абад шаарына кайткан, ал эми анын шериктери Базар-Коргондо калышкан.
Ал эми жабырлануучунун ата-энеси соттук отурумда кызы учурда Бишкекте дарыланып жатканын жана айыпталуучуларга карата доосу жок экенин билдиришкен.
Жалал-Абад шаардык соту кызды уурдаган төрт кишини «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирин 8 жылга эркинен ажыратты. Ошол эле учурда сот жабырлануучу тараптын доосу жок экенин эске алып, айыпталуучуларга төрт жылдык пробациялык көзөмөл дайындады.
Сотко жетпеген ала качуу
Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.
Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.
Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.
Апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.