Жалал-Абад: Жашы жете элек кызды уурдаган киши шериги менен камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Гази Бабаярова

Жалал-Абад шаарында өзүнөн 10 жаш кичүү кызды никеге тургузуу максатында уурдаган 27 жаштагы киши 26 жаштагы шериги менен кошо камакка алынды. Милиция «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

ОИИБдин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдиргендей, шектүүлөр учурда Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 48 сааттын ичинде алардын бөгөт чарасы каралат.

Ошондой эле Жээнтаев «кылмышка катыштыгы бар башка кишилерди издөө аракеттери уланат» деп кошумчалады.

8-декабрда Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө таңкы саат 07:55 чамасында бир нече балдар 17 жаштагы кызды күч колдонуп уурдап кетишкен.

Бул учурду күбөлөр видеого тартып алып, ал соцтармактарга тараган. Анда кыздын ачуу чыңырып каршылык көрсөткөнүнө карабай балдар аны унаага салышкан. Кызга курбусу жардам берүүгө аракет кылган, бирок балдардын бири анын колун кайрып кармап турган.

Кызды унаага салгандан кийин башка адамдар да келип жардам бергиси келген, бирок шектүүлөр унаа менен кетип калышкан.

Ошол эле күнү милиция ыкчам-тергөө жүргүзүп, кыз 17 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну экенин, аны өзүнүн айылдашы — 27 жаштагы киши никеге туруу максатында уурдап кеткенин аныктаган.

Милиционерлер шектүүнүн үйүнө барып кызды ата-энесине өткөрүп берип, ал эми шектүүнү тергөөгө жеткиришкен. Кишиге кызды уурдоого жардам берген башка шериктери изделип жаткан.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уурдалып, зордукталганын айткан 17 жашар кыз жана анын апасы коомчулукка видеокайрылуу жасаган.

Анда алар кызды уурдаган адам эркиндикте жүргөнүн айтышып, милиция жана сотторго нааразы болушкан. ОИИБден «Ала качуу» боюнча иш сотко өткөнүн айтышкан, ал эми «Зордуктоо» иши кыскарып кеткени белгилүү болгон.

Дагы окуңуз: Видео: Сузакта ала качууга туш болуп, зордукталганын айткан кыз акыйкат издейт

Сотко жетпеген ала качуу

Кыргызстанда ала качуу боюнча иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

Ал эми жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ала качуунун 187 учуру катталган. Анын сегизи гана сотко өтүп, калгандары «кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылган.

Апрелде уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

Кененирээк окуңуз:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи