Украин элчиси: Гумжардам маселеси боюнча кыргыз ӨКМнин башчысы менен жолугуша албай жатам

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолуга албай жатат. Бул тууралуу дипломат 14-апрелдеги маалымат жыйында 24.kg басылмасынын журналисттерине айтты.

«Кыргыз тараптан мамиле токтоо болуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри менен эмне үчүн жолугуша албай жатканыбыз түшүнүксүз. Сөз Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү аракети тууралуу болуп жатат. Мен ыктыярчылар тууралуу айтып жаткан жокмун, алар көп эле, алар менен иштешип жатабыз. Бирок Казакстандын өкмөтү кантип болсо да гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн тапты», — деди ал.

Элчи минкабдын жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда чиновник Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөрүн убада кылганын да белгиледи.

Жовтенко «Кыргызстан — кичинекей өлкө, ал эч нерсеге таасир эте албайт» деп айтылган сөздөргө кошулбасын дагы билдирди.

«Башка Азия жана Европа мамлекеттеринде калкы мындан дагы аз өлкөлөр бар. Мисалга алсак, Ирландия же Данияда үч миллионго жетпеген калк жашайт. Ошондуктан Кыргызстан кичинекей мамлекет эмес», — деди Жовтенко.

Украинага гуманитардык жардам

«Помогать легко» коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева 4-апрелде Бишкекте украиналыктарга гуманитардык жардам чогултула баштаганын билдирген. 10-апрелде гуманитардык жардамдын биринчи партиясы жөнөтүүгө даяр болгон.

Бишкекте жарандар бир аптанын ичинде 240 чамалуу жууркан, уктоочу кап, кургатылган мөмө-жемиш салынган кутуларды жана башка көптөгөн буюмдарды алып келишкен.

Кыргызстандын позициясы

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 24-мартта аскердик жаңжалды токтотуу үчүн Орусия менен Украина сүйлөшүүлөр столуна отурарына ишенерин айткан.

Жапаров Кыргызстан «боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан согуштун токтошуна колдон келген аракетин жасарын» билдирип, президенттин Кыргызстан дүйнөдө анчалык таасирге ээ эмес деген сөзүп кайталаган.

«Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн», — деп айткан Жапаров.

Буга чейин Украинадагы согуш жөнүндө президент Садыр Жапаров да ушундай эле сөзүн айтып, Кыргызстан бул жаңжалда расмий бейтарап позицияда экенин билдирген.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин жыйынында.

Орус аскерлеринин ири алкакта Украинага кол салуусу 24-февралда башталган.

Тема боюнча окуңуз: Соккудан кыйраган орус кемеси, АКШнын жардамы жана Киевге чабуул жасоо коркунучу