Соккудан кыйраган орус кемеси, АКШнын жардамы жана Киевге чабуул жасоо коркунучу

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу токтой элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги эгер диверсиялар токтобой жана орус аймагына ок атыла берсе «Киевдеги чечим кабыл алуу борборлоруна» сокку урууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков билдирди.

Мындан тышкары, Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Мариуполь шаарындагы деңиз соода портун ээлеп алышканын белгиледи. Ошондой эле ведомстводон Украинанын «Азов» батальонунун аскерлеринин жолу бөгөттөлгөнүн кошумчалашты.

Крейсерге сокку

Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович украин күчтөрү орустардын «Москва» крейсерине сокку урганын билдирди. Анын айтымында, кеме олуттуу зыян тарткан.

Кийин Орусиянын Коргоо министрлиги крейсер жыбыркап, экипаж эвакуацияланганын тастыктады.

Андан кийин эле Украина ИИМнин башчысынын кеңешчиси Антон Геращенко Телеграм-каналына соккудан жабыркаган крейсер мындан ары согушка жараксыз болорун жазды.

ЕККУ аскердик кылмыш тууралуу эмне деди?

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) баяндамасын жарыялады, анда Украинанын Мариуполь шаарындагы төрөт үйүн жана драмтеатрды аткылоо үчүн жоопкерчиликти орус аскерлери алат деп айтылат.

«Уюмдун өкүлдөрүнүн пикиринде, эки учурда тең, буга жооптуу адамдар аскердик кылмыш жасашты. ЕККУнун эксперттери театрды аткылоодон улам 300гө чукул адам набыт болгон окуяны эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу деп аташты», — дешет эксперттер.

Мындан тышкары, ЕККУнун эксперттери «атайлап өлтүрүүлөрдү», «жай тургундардын күч менен жоголуусун же алардын уурдалышын» адамзатка каршы кылмыш катары квалификациялоого мүмкүн деп эсептешет.

Эл аралык коомчулук жана Украинанын бийлиги бир нече ирет орус аскерлерин жай тургундарды өлтүрүүгө айыптаган, бирок Орусия бул айыптоолорду моюндабай келет.

АКШнын Украинага жардамы

АКШ Украинага кошумча 800 млн доллар көлөмүндө жардам бөлүүнү чечти. Бул тууралуу АКШнын Ак үйүнүн сайтында айтылат.

Маалыматына ылайык, АКШнын Украинага коопсуздук жаатында бөлгөн каражаты бир аптада эле 1 млдр долларды түздү. АКШ Украинага жалпысынан 2 млрд доллар жардам көрсөткөн.

«Жардам Коргоо министрлиги тарабынан украин аскерлерине жабдууларды түз өткөрүп берүү формасында ишке ашырылат, бул аларга өз өлкөсүн Орусиянын негизсиз кол салуусунан коргонууга жардам болот», — деп билдиришти Ак үйдөн.

800 млн доллар көлөмүндөгү жардам түрдүү курал-жарактарды, анын ичинде Stinger зениттик комплекстерин, учкучсуз учактарды, мылтыктарды, шлем жана гранатомётторду камтыйт.