«Достук» мейманканасында 7-кабаттан кулаган кыз каза болду

«Достук» мейманканасы.

Бишкек шаарындагы «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын кулап кеткен 27 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» 5-майда Свердлов РИИБнин басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдирди.

Иманбаеванын айтымында, белгисиз жагдайда балкондон кулаган кыз тез жардам келгенге чейин, окуя болгон жерде дароо жан берген. Учурда өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында эки окуучу кыз Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштаган. Алардын бири жеринде каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздар Карл Маркс атындагы мектептин 7-классынын окуучулары болгон.