Парламентте мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттардын эмгек өргүүсүн узартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекеттик кызматкердин ар жылдык эмгек өргүүсүн узартууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Коргонбай уулунун айтымында, долбоор эмгек стажысы үчүн сыйлоо иретинде эмгектик жана социалдык кепилдиктерди, мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарды белгилөө, ошондой эле мамлекеттик кызматчы болуп саналган саясий жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендерге кесиптик кызматтык ишмердигине түрткү берүү максатында сунушталды.

«Мыйзам долбоору саясий (депутаттар) жана административдик (саясатчылар, мамлекеттик кызматкелер) мамлекеттик кызмат орундарын* ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күндөн көп болгон узартылган негизги эмгек өргүүсүн белгилеген ченемди караштырат», — деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.

*Бийликтин мыйзам чыгаруучу жогорку мамлекеттик саясий кызматы болуп парламенттин депутаты эсептелет. Административдик кызмат орундарына мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.

Эмгек өргүүсүнүн убакытын канча күнгө көбөйтүү сунушталып жатканы мыйзам долбоорунда айтылган жок. Кадимки эмгек өргүүсү, Эмгек кодексине ылайык, 28 күндү түзөт.

Азыркы тапта «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнө ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана кошумчаларды төлөө менен 30 календардык күн өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү берилет. Депутаттарга эмгек өргүүсү парламенттик сессиянын аякташы боюнча берилет.