Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка албаганын билдирди

Башкы прокуратура 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алган эмес. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Kaktus.Media басылмасы өздүк булактарына таянып, тергөө тобунун тергөөрүчү Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат берүү өтүнүчүн жөнөткөнүн жазган.

Басылма маалыматтар мүлктү камакка алуу жана кылмыштын кесепетинен улам тийгизилген зыяндын ордун толтуруу, анын ичинде соттун мүлктү мүмкүндүү конфискациялоо боюнча өкүмүн аткаруу үчүн суратылып жатканын маалымдаган.

Башкы прокуратура тергөөчү маалымат суратканын тастыктап, бул кылмыш иштин алкагында жасалып жатканын белгиледи. Көзөмөл органы июнь окуясына байланыштуу мүлктөрдү камакка алуу боюнча эч кандай иштер болбогонун да кошумчалашты.

«Тергөө кылмыш иши боюнча өтүп жаткан адамдардын өздүгүн, соттуулугун, катталган мүлкүн жана башка жагдайларды аныктап чыгышы керек. Ошондуктан тергөөчүнүн кылмыш иштин алкагында маалымат суратуусу мыйзамдуу. Тергөөчү мындай өтүнүчтөрдү жөнөтүүгө милдеттүү», — деп жооп беришти Башкы прокуратурадан.

Июнь окуясы боюнча ишти жандантуу

УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2021-жылдын апрелинде 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтөөнү жанданткан.

УКМК текшерүү иштери 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата жүргүзүлөрүн түшүндүргөн.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деп УКМКдан билдиришкен.

Ведомстводон белгилешкендей, муну менен бирге, «кайгылуу окуялардын алдын алуу» үчүн тийиштүү чара көрбөгөн облустук деңгээлдеги кызмат адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттерине да баа берилет.