Оштун мэри «Манас-Ата» кафесиндеги чырдан улут маселесин козгобоого чакырды

Алмаз Мамбетов

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы «Манас-Ата» кафесиндеги чууга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда ал чырдан жалпы улут маселесин козгобоого жана мамлекеттик тилге аяр мамиле жасоого чакырды.

«Ош шаары көп улутту кучагына батырган, түрдүү улуттар эриш-аркак жашаган куттуу жер. Биздин шаарда бардык улуттардын өкүлдөрү ынтымакта күн кечирип келишет. Андыктан аталган кафенин мурдагы администраторунун айрым сөзү үчүн жалпы улут маселесин козгоп, көңүл оорутуучу сөздөрдү жазып алуудан этият болууну суранам!» — деди калаа башчысы.

Ал «мамлекеттик тилибизм — кыргыз тили экенин унутпашыбыз керек» деп белгилеп, «өлкөнүн бардык жарандарын мамлекеттик тилди үйрөнүүгө чакырам» деп билдирди.

Мындан сырткары ал «Манас-Атанын» жана калаадагы башка тамактануучу жайлардын санитардык абалы атайын комиссия тарабынан тыкыр текшерилет деп убадалады.

Ошондой эле мэр аталган «Манас-Ата» кафеси «уруксатсыз курулган деген маалымат текшерилип жатканын» айтып, эгер мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталса «чара көрүлөт» деп ишендирди.

«Элдин саламаттыгын камсыздоодо күнүнө жүздөгөн, миңдеген кардарларды тейлеген коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдө бармак басты, көз кысты мамиле болбошу керектигин катуу эскерттим. Рейддердин жыйынтыгы боюнча биздин расмий социалдык баракчалардан элге маалымат таратылат», — деди ал.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр

Буга чейин «Не сахар» берүүсү «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алган. Бирок эфирдин жүрүшүндө кафенин администрациясы журналист Умар Дадановго тоскоолдук жараткан.

Журналист текшере баштаганда эле кафенин ашканасынын санитардык абалы талапка жооп бербегени белгилүү болгон. Кийинчерээк Дадановду кызматкерлердин бири сыртка алып чыгып, кайра киргизбей койгон.

Администратор Машрапхон Кушакбаева кызматкер менен бирге кафенин эшигин тосуп туруп алып, журналистке орой мамиле жасаган. Мындан улам Даданов милиция кызматкерлерин чакырган, бирок аймактык милиционер да, патрулдук милиция жана ыкчам тергөө кызматы да эч кандай чара көрө алган эмес.

Кафенин ичине киргизбей койгон соң Кушакпаева журналистке кайрылып кечирим суроону талап кылган. Ага кошулуп милиционердин бири да бир нече жолу «кечирим сурап кой» деп суранган. Бирок журналист эмне үчүн кечирим сурашып керек деп нааразы болгон.

Мындан улам интернет колдонуучулары милиционерлерди өз ишин билбейт деп сынга алышкан.

Кийинчерээк «Манас-Атанын» ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева милицияга чакыртылган. Анда Гуламов Кушакпаева жумуштан кеткенин айтып, ал үчүн коомчулуктан кечирим сураган.

Ал эми аялдын журналист менен болгон чырда айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады