Алматыда январь окуясында жапа чеккендерге арналган «Yмiт» көргөзмөсүндө кыргызстандык джаз музыкант Викрам Рузахуновдун портрети тартууланды. Бул тууралуу музыкант өзүнүн Инстаграм барагына жарыялады.
«Шаршы күн» долбоору казакстандык художник Асхат Ахмедьяровго таандык. Алгачкы портретин ал Викрам Ризахуновго арнаган.
«Бул сериядагы портреттердин көбү Qandy qantar’да (казак тилинен: “Кандуу январь”) жапа чеккендерге жана Экинчи Дүйнөлүк согушта аскер туткунуна түшкөндөргө арналган. Мага автор жазгандай: “Сен кантар курбандарынын алгачкысысың”», — деп жазды музыкант.
Рузахунов сүрөт кайсы техникада аткарылганын айтып берди.
«Сүрөтчүнүн техникасы автордун графикадагы оригиналдуу кол жазмасы болуп саналат: алдын ала портретти “кургак кисть” техникасында аткарып, Асхат сүрөттүн үстүнө ок дары коюп, аны жардырган. Жарылган ок дарынын тактары документалдык сүрөттүн келбетин өзгөрткөн, ал эми образга драма кошулган», — деген ал.
Музыканттын айтымында, сүрөтчүнүн эң маанилүү кабары — туткундар дайыма эле саясий системалар кагылышкан согуш талааларында гана пайда боло бербейт.
«Жаңы тарыхта, коомдун активдүү жарандары өзүнүн мамлекетинде жашап туруп, тынч учурунда да туткунга айланып жатат!», — деп белгиледи Рузахунов.
Казакстандагы нааразылыктар жана баш аламандыктар
Нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.
Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулук менен коштолгон.
Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.
6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.
Ошол эле учурда казак бийлиги каза болгондордун саны болгону 15 киши экенин билдирген. Башаламандыктар учурунда 225 жаран каза тапкан, 19-январда алардын саны дагы экиге көбөйгөн.
Жалпысынан январь окуясына катышты деген шек менен 10 миңдей адам кармалган. Ошол эле учурда укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоочу жайда жана ТИЗОдо кыйноолор болгонун билдиришкен.
Казакстандын күч органдары тарабынан кыйноого кыргыз жарандары да кабылган. Эң чоң резонансты Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун кыйноолору жараткан. Джаз музыкантты кыйноого алып, камерага өзүн жаманатты кылууга мажбурлашкан, экинчисинин эки буту сынган. Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноо фактылары боюнча Кыргызстанда да, Казакстанда да кылмыш иштери козголгон.
Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Эфирден токмок жеген адамды көрсөтүшүп, ал өзүн жумушсуз кыргызстандыкмын деп тааныштырып, 200 долл үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген.
Июль айында, экспертиза Казакстандын атайын кызматы кыйноо учурунда музаканттын денесине оор залал келтиргенин аныктаган.
Рузахунов күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чогулган материалдар Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аркылуу Казакстандын укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн билдирген.