Рузахунов: Эксперттер менин ден соолугума оор залал келтирилген деген корутунду чыгарышты

Экспертиза кыргызстандык Викрам Рузахунов Казакстанда кыйноого алынган учурда өлкөнүн атайын кызматы музыканттын ден соолугуна оор залал келтиргенин аныктады. Бул тууралуу музыкант Фейсбук барагына жазды.

«Бүгүн Бишкектин Ленин РИИБи мага байланыштуу ишти тергөөнү аяктап, кылмыш ишинин материалдары менен бизди тааныштырды. Экспертизанын корутундусу боюнча, эксперттер менин ден соолугума оор залал келтирилген деген корутунду чыгарышты», — деп билдирди музыкант.

Рузахунов күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чогулган материалдар Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аркылуу Казакстандын укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн билдирди.

Казакстандагы башаламандык

2022-жылдын январында Казакстандын бир катар шаарында массалык башаламандыктар болгон. Башаламандык учурунда Казакстандын күч түзүмдөрү кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду дагы кармашкан.

Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн видеодон кийин белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен сабалган кишини көрсөтүшкөн, ал Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн жалданып келген кыргыз жараны экенин айтып берген.

Тема боюнча: Казакстан: Эки кыргызстандык январдагы башаламандыктарга катышууга шектелип жатат

Кийин Казакстандын ИИМи кармалган кыргызстандык Закир Убуров атуу жаран экенин билдирген. Бирок эфирден көрсөтүлгөн адам кыргызстандык джазмен Викрам Рузахунов экени, ал Алматыга 2-январда гастролдоп барганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Убуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров видеогу киши Закир эместигин, фамилиясы Убуров эмес Юбуров экенин тастыктаган.

Рузахунов Бишкекке алып келинип, дарыланып чыккандан кийин Алматыда кармалып турган кезде кыйноого кабылганын айтып берген. Ал «Хабардын» эфиринде көрсөтүлгөн видеодо кармалганы белгилүү болушу үчүн атайын жалган айтканын дагы кошумчалаган.

Рузахуновдун айтымында, ал казакстандык журналисттерге мажбурлап айттырышкандай башаламандыкка катышкан жумушсуз кыргыз жараны эместигин түшүндүрүүгө да аракет кылган.

Февраль айында Алматыда Рузахунов жана дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков сабалганына байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Бирок май айынын ортолорунда тергөө токтотулган. Музыканттын укугун коргоп жаткан дагы бир адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, иштин убактылуу токтотулушунун мааниси тергөө амалдарынын баары бүткөнүндө, айыпталуучулар аныкталганда иш кайра эле уланат.

Тема боюнча окуңуз: Викрам Рузахунов: Жылаңачтап чечинтип, автомат менен омурткага ургулашты

Викрам Рузахунов кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын айтып берди