Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта мамлекеттик спирт заводун модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу 22-августта минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, заводдун бардык аймагына асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү тапшырмалары берилди.
«Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдуулар менен жабдууну тапшырды. Ал “лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек”, анын “Люкс” классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу керек” деп белгиледи», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.
Ошондой эле минкабдын башчысы заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну, уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Мындан сырткары ал ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү буюрду.
Арак-шарапка мамлекеттик монополия
2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкөдөгү этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койгон.
Өлкө башчысынын расмий сайтында, жарлыктын максаты — этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, аткезчиликке жана жасалма продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, ошондой эле салык төлөмдөрүн камсыз кылуу экени белгиленген.
Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга эксклюзивдүү укук «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына берилет.
Спирт ичимдиктерин колдонгон субъектилерге «Кара-Балта спирт заводуна» этил спиртин жеткирүү жана сатуу боюнча түзүлгөн келишимдерди бекитүү тапшырылды.
Ушул эле жарлыктын негизинде Жапаров министрлер кабинетинин алдында Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү тапшырган. Ал алкоголду жана курамында спирт бар продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдойт, ошондой эле алкоголдук продукцияны ташып келүүгө жана алып чыгууга лицензия берүү менен алектенет.