Ош: Пакистан менен Индиянын жарандары баткендиктерге 100 миң сом чогултуп беришти

Ошто Пакистан менен Индиянын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган Баткендин тургундары үчүн 100 миң сом чогултуп беришти. Бул тууралуу «Клоопко» Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чогултулган акча Баткенге жөнөтүлдү. Каражаттын көбүн аталган өлкөлөрдөн келип Ошто окуп жаткан студенттер бергени белгиленди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.