Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев беш фракция Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алууну чечишкенин билдирди. Анын айтымында, бул маселе парламенттин 20-октябрдагы отурумунда каралат.
Мындай абал Айдарбеков комитеттин «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактыруу чечимине кол коюудан баш тарткандыктан улам жаралды.
Айдарбеков өзү парламент жыйынында ЖКнын тармактык комитетинин төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди.
«Кесиптештерим өздөрү чечсин. Мен кызматтан кетүүгө даярмын. Акыйкаттык үчүн бул этаптан да өтүүгө туура келет. Дагы бир жолу айтам, документтер толугу менен берилген эмес. Мен аларды мурдагы күнү эле көрдүм жана бул документтер боюнча суроолор бар. Бул бизге документтер берилбегенине себеп болгон деп ойлойм. Өзгөчө суу сактагыч боюнча… Бардык тарыхый документтер боюнча ал биздин жер болгон», — деди Айдарбеков.
Ал арада Өкмөт үйүнүн алдында Кемпир-Абад боюнча активисттер менен бийликтин жолугушуусу өтүп жатат. Аны президенттин администрациясы уюштуруп өткөрүүдө.
Жолугушуу жабык өтүүдө, катышуучулар тизме менен киргизилип жатат. Журналисттерге аудио жана видео жаздырууга болбойт деп эскертүү берилген.
Комитеттин чечими
10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Комитеттин башчысы келишимди жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткан.
«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.
Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан.
Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, депутатты сынга алган.«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазган минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.
Кемпир-Абад боюнча талаштар
Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.
Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.
Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.
Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.
Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Тема боюнча:
Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?