Жапаров: Адам укуктары менен эркиндиктери — өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири

4-ноябрда президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттердин Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчилери менен жолукту.

Өлкө башчысы Франциянын элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен кезикти.

Жолугушууда күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жана коомдук-саясий процесстер тууралуу кеп козголду.

Элчилер менен жолугушуу. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаров жолугушууда «Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин» баса белгилегенин билдирди.

«Ошол эле учурда эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып бараарын, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо жана аткаруу экенин баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтингинде сөз эркиндиги жана демократия боюнча региондогу лидер бойдон калып жатканын белгилешти.

Буга чейин, 2-ноябрда Улуу Британия, АКШ, Германия, Франция элчиликтери жана Евробиримдиктин өкүлчүлүгү Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасашкан.

Анда элчиликтер басма сөз эркиндиги жана өз оюн эркин билдирүү укугу мыйзам тарабынан корголгонун белгилеп, кыргыз бийлигин адамдын дал ушул фундаменталдуу укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырган.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү жана жапырт камоолор

Кыргызстанда акыркы учурларда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалып жатат.

Алсак, 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөнү чечкен. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен. Сайт «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Бул мыйзам фейктер тууралуу мыйзам катары дагы белгилүү.

Кийинчерээк 31-октябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы УКМКнын талабы жана соттун чечимисиз «Азаттыктын» эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. Андан соң «Демирбанк» «Азаттыктын» банктык эсеби «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамга ылайык бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт» жана уюм «Азаттыктын» журналисттеринин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөрүн билдирген.

Мындан тышкары, эксперттердин пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткенине жакында эле 20дан ашык журналист менен активисттин кармалышы мисал боло алат. Алар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, объектти коргоо комитетин түзүшкөн болчу.

ИИМден саясатчылар менен активисттер «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалышканын билдирген. 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген.

Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык уюму кыргыз бийлигин « “Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.

Анткен менен бийлик өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым жок деп ишендирүүдө.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону [...] — мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат», — деп билдирген 28-октябрда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

2022-жылдын май айында маалымат эркиндигин коргогон «Чек арасыз репортёрлор» («Репортеры без границ») уюму «басма сөз эркиндиги» боюнча дүйнөлүк ар жылдык рейтингин жарыялаган. Кыргызстан ал рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 72 орунду ээлеген. Баяндамада өлкө 2021-жылы 79-орунда болгону жазылган. Ошол эле учурда, уюмдан [рейтингди түзүүдө] ыкмалар өзгөргөнүн жана «2021-жыл менен 2022-жылдагы позицияларды салыштырууда кылдат болуу керектигин» белгилешкен.