«Бийликти күч менен басып алууга чакырган». Орозайым Нарматова камакта калтырылды

9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, ага карата 14-ноябрда «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айып тагылганы маалым болду.

Ал эми кармалгандан бери эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын айтып, кылмыш иши боюнча «эч кандай далил жок» деп белгиледи.

«Былтыр бир тууган агам каза болуп калганда аэропорттон террористти кармагандай алып кетпеди беле. Анда менден кечирим сурап, билетимди төлөп берип, кайра узатып коюшкан. Ошол ишти кайра чукуп чыгып, “президенттин абийирине шек келтирген экенсиң” деп, бул ишке кошуп жатышат. “Өлкөдө ызы-чууну пландап, президентти зэк дегенсиң” дешти. Москвада агамдан калган төрт бала менен, атамдын ден соолугун карап жүргөм, кайсыл бийликти басып алайын? Бийликти башыңарга тартып алгыла деп эле отургам», — деди Нарматова.

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен иш козголгонун маалымдаган. Сот экөөнү тең 20-декабрга чейин камакка алган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп кармаган активист жана саясатчылардын саны дээрлик 30га жакындады. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликке сын айтканы менен белгилүү. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шаардык сот экс-депутат Орозайым Нарматованы 20-декабрга чейин камакта калтырды

Орозайым Нарматова милициянын «адамгерчиликсиз» мамилеси тууралуу арыз жазды

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр