Шаардык сот экс-депутат Орозайым Нарматованы 20-декабрга чейин камакта калтырды

16-ноябрда Бишкек шаардык соту экс-депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карады.

Анда шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Нарматова 20-декабрга чейин ТИЗО-1де камакта болот.

Буга чейин, 2-ноябрда Нарматова Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлеринин «адамгерчиликсиз мамилеси» тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз жазган.

«4-5 сааттык сурак учурунда мага тамактанууга, дааратканага барууга жана адвокат чакырууга мүмкүндүк беришкен жок», — деген ал.

Андан көп өтпөй Нарматованын атасынын ден соолугу начарлап кеткени кабарланган.

Нарматованын кармалышы

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган. Сот экөөнү тең 20-декабрга чейин камакка алган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп кармаган активист жана саясатчылардын саны дээрлик 30га жакындады. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чет өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Жапаров бийликке келген учурда активист айым Жапаровдон көңүлү калганын билдирген.

Тема боюнча:

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр

Орозайым Нарматова милициянын «адамгерчиликсиз» мамилеси тууралуу арыз жазды