Токмок: Эки өспүрүмдү зордуктоого шектелген 80 жаштагы киши камакка алынды

Токмок шаардык соту жашы жете элек эки кызды зордуктоого шектелген 80 жаштагы кишини эки айга камакка алды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, сот бул тууралуу өкүмдү 31-декабрда чыгарган.

«80 жаштагы шектүү буга чейин дайындалган экспертизанын негизинде соттун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин ТИЗОго киргизилди. Тергөө иштери уланууда», — деп белгилешти милициядан.

Токмокто 80 жаштагы киши 12 жана 13 жаштагы эки кызды зордуктоого шектелип жатканы тууралуу өткөн жылдын 23-декабрында белгилүү болгон. Ошондой эле кыздардын биринин боюна бүтүп калганы кабарланган.

Шаардык милиция бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ага тиешеси бар бардык адамды суракка алган.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көбүнесе зомбулук боюнча козголгон иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдар туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылат. Жапа чеккендердин үй-бүлөсү арыз жазууну чечсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

12-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.

Тема боюнча:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт