Кыргызстандын ИИМ тутумунда бир феномен бар — резонанстуу иштерден кийин жумуштан алынган же кызматтан четтетилген милиция кызматкерлери, коомдун ачуусу басаңдагандан кийин жаңы кызматка дайындалып, эч нерсе болбогондой карьерасын улай берет. «Клооп» маектешкен эксперттер, бул бийлик милициянын жооптуу кызматтарына өзүнө «ыңгайлуу» кызматкерлерди коерун жана коомдо патриархалдык үрп-адаттар болушун көргүсү келерин билдирет дешет.
«Биздин катарыбызда жаман кызматкерлер жок, бирок кээ бир жетекчилер кол алдындагы кызматкерлерге туура тарбия берип, учурунда көзөмөлдөп, жетиштүү деңгээлде ишмердикти уюштура албагандыктан айрым учурларда “милициянын аты” булганып калуусуна түрткү болууда», — деп моюндаган 2021-жылдын августунда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.
Милиционерлердин репутациясы жөнүндөгү маселени маал-маалы менен түрдүү деңгээлдеги кыргыз аткаминерлери көтөрүп келишет. Айрым учурда — резонанстуу катачылыктар же ал түгүл укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жасагандан кийин гана.
«[Милициянан] кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек, — деген 2019-жылы сентябрда ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. — Милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш». Өкмөт башчысы милицияны реформалоо боюнча пландар көп жылдардан беери «ишке ашпай келет» деп нааразы болгон.
Ал кезде кыргыз коомчулугуна бүлүк салган окуяга — 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгонуна бир жылдан ашкан. Мыйзам жана тартип үчүн күрөшкөн милиция бөлүмүнүн дубалдарында өтө оор кылмышка жол берген бир нече милиция кызматкери жаза да алган.
Андан бери укук коргоо органынын кызматкерлери кыргыз милициясынын аброюна доо кетирген бир нече окуч болуп өттү. Ошентсе да, кийин алар кайтып келишти.
«Сууга салса чөкпөгөн» миллиционерлер
2018-жылы Марлис Асанов Чүй ОИИБнин башчысынын орун басары болчу. Бирок милиция бөлүмүндө аны уурдаган киши менен жалгыз калып, кийин бычакталган Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнөн кийин, милициянын өз ишине шалаакы мамиле кылганы боюнча прокуратуранын иликтөөсүнөн соң Асанов бир нече кесиптеши менен бирге кызматтан бошотулган.
Кийин Марлис Асанов болгон башка аймакка которулганы белгилүү болгон — 2021-жылдын башында ал Талас ОИИБнин башчысы болуп дайындалган, ал эми 2023-жылдын январында – Кыргызстандын экинчи ири шаары Ош ШИИБин жетектей баштаган.
Кыздын өлүмүнөн кийин Асанов менен чогуу 13 милиционер иштен четтетилип, айрымдары бошотулган. 2021-жылы майда ИИМден журналисттерге алардын бешөө дагы деле ички иштер органдарында иштеп жатканын айтышкан.
Бишкекте 27-жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, кийин муунтуп өлтүрүлгөндөн кийин, 2021-жылы апрелде, кызды издөөдөгү шаалаакылыгы үчүн 12 кызматкер кызматтан бошотулган. Алардын арасында Бишкек ШИИБнин орун басары Эрлан Атантаев жана Биринчи май РИИБнин башчысынын орун басары Искен Базаркулов болгон.
Атантаев 2022-жылы августа Эгемендүүлүк күнүнө арналган Чүй облусундагы майрамдык иш чаралардын коопсуздугуна арналаган онлайн-кеңешмеде кадимкидей, расмий катышкан. Ошондо ал облустук милициянын коомдук коопсуздук кызматын жетектеп жатканы белгилүү болгон.
Ал эми Искен Базаркуловду ошол жылы октябрда министр Ниязбеков Жайыл РИИБнин башчысы кылып дайындаган — Бурулай Турдалы кызы өлтүрүлгөн милиция бөлүмүнө барган. 2022-жылы 7-марта ИИМ Кыргызстандын аялдарына келе жаткан майрамына «белек» кылган — Базаркулов кызматтык тепкичтен өйдөлөгөн. Азыр ал – облустук милициянын башчысынын орун басары, болгону азырынча «милдетин аткаруучу».
Милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков инисине караганда — Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековго — эл алдына көп чыкпаган киши. Бир аз убакыт Талас ОИИБин жетектеген, кийин ушундай эле кызматка Нарын облусуна дайындалган.
Жумабеков Нарында УКМК Кочкор районунда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармаганга чейин иштеген. Бул 2022-жылдын аягы болчу. Анда атайын кызмат райондук милициянын жетекчилиги уюшкан кылмыштуу топторго колдоо көрсөтүп келгенин аныктаган.
Ал эми ИИМдин кызматтык иликтөөсүндө жергиликтүү милиция кызматкерлери кылмыш дүйнөсү менен ымала кыларын аныктаган — ага ылайык орган кызматкерлери «каралар менен кызматташып, достошуп алышкан».
Бул иш боюнча жалпы 22 милиция кызматкери жазага тартылган — алардын бир бөлүгү жумуштан бошотулуп же кызматынан алынган, дагы башкалары сөгүш алышкан. Алардын бири Жумабеков болчу. Ал Нарын ОИИБнин башчылыгынан дароо алынган.
Бирок андан бир канча ай өткөндөн кийин, Жумабеков жаңы кызматка — ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басарлыгына барганы белгилүү болгон.
Мыйзам боюнча, бул кызмат Кыргызстандагы өтө маанилүү объектилердин коопсуздугун камсыз кылып жана колуна курал кармап юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кылмыштуу кол салуудан коргойт.
«Деградацияланган өтө кооптуу система»
ИИМдин мурдагы башчысы жана Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Өмүрбек Суваналиев буга чейин аты булганган милиционерлердин жаңы кызматка дайындалышы — Кыргызстанда жаңылык эмес экенин, органдарда кызмат өтөп жүрүп мындайга өзү да туш болгонун белгилейт.
«[Бузуулар менен жумуштан бошотулгандан] белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, кызматкерлер башка [аймактарда] ошондой эле кызматтарда барышчу. Анткени аталган кызматкерлердин көпчүлүгүнүн депутаттардын арасында, өкмөттө же президенттик администрацияда тааныштары бар — же президенттен президентке чейин иштеген “берилгендердин” категориясына кирет. Керек болсо, бийлик алмашканда да алар ордунда калышат. Анткени алар бардык, анын ичинде мыйзамсыз буйруктарды да аткара беришет», — деп ой толгоду ал.
Суваналиев бул тенденцияны Кыргызстандын бийлиги бир гана жолу — 2010-жылы апрель ыңкылабында Ала-Тоо аянтында митингдин катышуучуларына ок чыгарган милиция кызматкерлерин жоопко тартканда бузган деп эсептейт. Чыныгы өзгөрүү болушу үчүн, күч түзүмүн саясаттан ажыратып, ал эми президенттер өзүнүн саясий оппоненттерин жок кылуу үчүн курал катары пайдалануусун токтотуу керек дейт ал.
Кыйноолордун алдын алуу борборунун экс-директору Нурдин Сулайманов милиция кызматкерлеринин жазаланбай калганын Кыргызстандагы калыптанган тууганчылык система менен байланыштырат.
«Бул жерге, балким адамдык фактор таасир этиши мүмкүн. Кимдир бирөө чогу окуп, чогу курсант болушкан, дагы бирөө башканын кол алдында иштеген, кийин — тескерсинче болуп калган. Азыр бул тенденция сакталып келе жатат», — деп эсептейт ал.
Сулаймановдун пикиринде, абалды өзгөртүүгө саясий эрк керек — ИИМдин жетекчилигинин жана бийликтеги жогорку кызмат адамдарынын саясий эрки. Анан калса, мамлекеттик кызматкерлердин жазасыз калганы ички иштер министрлигинин системасында гана эмес, маморгандардын көпчүлүгүндө бар.
«[Милиция кызматкерлери] жөнөкөй жаран бул үчүн эбак эле кесилип кете турган беренелер боюнча да жоопко тартылбайт. А бизде азыр Кемпир-Абад иши боюнча жөн эле чогулуп сүйлөшкөнү үчүн[абакта] отурушат, ал эми [полковник Жумабеков] аймактарда ишкерлердин айласын кетирген криминалды жаап-жашырып жүргөн. Бул үчүн аны жазага тартышкан жок, керек болсо, кызматынан көтөрүштү», — деп сындады укук коргоочу Динара Ошурахунова.
Ал Кыргызстандын укук коргоо органдарын «жарандардын коопсуздугуна өтө кооптуу, чириген, деградация болгон система» деп атайт жана ал мунун бир канча себебин белгилейт: СССР чачырагандан кийин өз ара жоопкерчиликтин, тууганчылыктын, трайбализм жана коррупциянын айынан реформанын жок болуп келиши.
«Биз мунун кесепетин жакында эле көрдүк. УКМКнын [мурдагы] кызматкери чогу жашаган аялды кызы менен, өзүнүн никесиз туулган баласын кошуп өлтүрдү. Бул так ошол алардын мыйзамсыз иштегенге көнүп калганынын кесепети», — деп эсептейт Ошурахунова.
Анын айтымында, күч түзүмдөрүнө жумушка алууда талапкерлерге карата талап өтө төмөн. Мурун негизги критерий бул юридикалык же медициналык билими, квалификациясын көтөрүү болуп келсе, азыр милиция кызматкерлери «Конституция, адам укуктары эмне экенин экенин жана мыйзамды сактоогу билишпейт» дейт укук коргоочу.
Ошондой эле, ал бир канча убакыт мурда эле ведомствонун алдындагы коомдук кеңештин көмөгү менен ИИМдеги бузууларга каршы күрөшүүгө мүмкүн болгонун кошумчалайт. Бирок февралдын ортосунда — Юстиция министрлиги кеңеш «натыйжасыз иштеп жатканына» байланыштуу таркатууну сунуштагандан эки апта өткөндөн кийин ал өз ишин жыйынтыктаган.
«[Система] азыр коррупцияны, [милициянын] иштебей жатканын айтып чыккандар менен, укук коргоо органдарын реформалоо керек дегендер менен күрөшүп жатат. Алар өздөрүнүн системасындагы көйгөйлөрдү, бузууларды көрсөткөн активисттер менен күрөшүп жатышат» — деп сөзүн жыйынтыктады Ошурахунова.
Жокко чыгаруу маданияты жок, күчтүүнү сыйлашат
Социолог Рейна Артурова кыргыз коомунда эркектик жана патриархалык негиздер үстөмдүк кылгандыктан, ИИМ системасында репутация институту иштебейт деп эсептейт. Ал коомдо милицияга ишеним жоктугун, өз кезегинде милицияда коомчулукка жагуу кызыкчылыгы жоктугун айтат.
«Жокко чыгаруу маданияты жок, бийликтеги адамдар макамын жана абалын дайыма пайдаланышат — ошого жараша, көбүнчө жазадан кутулуп кетишет. Менимче, Кыргызстанда бул көрүнүш көпчүлүктө бар — мына ушул бийликке жана күчтүүгө гана сый-урмат бар экенин билдирет», — деп эсептейт Артурова.
Кыргыз коомчулугу милиционерлердин одоно укук бузууларына социалдык түйүндөрдө нааразычылык билдирип же убактылуу нааразычылык акцияларына чыгып гана реакция кылат. Бирок бул ыкмалар дайыма эле иштей бербейт дейт ал.
«[Милиционерлердин укук бузууларын жана андан кийин кызматка дайындалышын] инструменталдык түрдө күзөтүп, алар колдонгон куу ыкмаларды көрсөтүп турган коомдук байкоочу кеңештер болушу керек. Алар ИИМ менен такыр байланышы жок анонимдүү жана көз карандысыз болушу зарыл», — деп сунуштады Артурова.
Изилдөөчү 1996-жылдан бери ЕККУ жана БУУ Кыргызстандын ИИМди реформалоо долбоорлоруна миллиондогон долларларды сарптаганын айтат — тренингдерди уюштурушкан, мекеменин кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлөргө командировкаларды уюштурушкан, техникалык жардамдар көрсөтүлгөн.
«Бирок иш жүзүндө кандай болуп жатат? ИИМ дагы деле өлкөдөгү эң коррупциялашкан органдардын бири болуп келет», — деп белгиледи ал.
Артурова ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстанда коомдук кеңеш түзүлгөнүн айтат, бирок кеңеш февраль айында ишин токтоткон. Анын пикиринде, кеңеш «позициясы төмөн болгондуктан жана милиция кызматкерлери менен достук байланышынан улам» өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарган эмес.
«Мен алардын ИИМдин иш-чараларына барганын көргөм, ИИМ майрамдарда аларга [коомдук кеңештин мүчөлөрүнө] грамоталарды берип турчу. Мындай болбошу керек. Алардын ортосунда достук мамиле болбошу керек», — деп эсептейт изилдөөчү, ошол эле учурда коомдук кеңеш ИИМ системасындагы бузууларга каршы жалгыз ыкма экенин моюндап.
Артурова оюн мынтип жыйынтыктады: ИИМ салык төлөп, алардын айлык айлышына өбөлгө тузгөн элдин эмес, бийликтин абсолюттук көзөмөлүндө болуп калган.
Редактору: Дмитрий Мотинов