УКТ чуусунан улам иштен алынган Дастан Жумабековдун агасы ИИМдин Күзөт кызматына барды

Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековдун агасы — милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты «Клоопко» министрликтен тастыкташты.

Буга чейин Алмазбек Жумабеков Нарын ОИИБнин башчысы болгон, ага чейин Талас ОИИБин жетектеген.

Ал Нарын ОИИБнин башчысы кызматынан ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзгөндөн кийин бошотулган. Анда милиция кызматкерлери крим чөйрөнүн мүчөлөрүнө аралашып, алар менен «дос, тууган, катташ» болуп алышканы аныкталган.

ИИМ өз иликтөөсүн УКМК Кочкордо Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармагандан кийин жүргүзгөн. Анда УКМК Кочкор РИИБнин жетекчилиги УКТнын мүчөлөрүн жаап-жашырып жүргөнүн аныктаган. Бардыгы болуп Нарын облусунан 22 милиция кызматкери жазаланган — алардын бир бөлүгү иштен алынса, кээ бирине сөгүш жарыяланган.