Жаңы дайындалган акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөдө саясий туткундар жана сөз эркиндигине басым жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 17-майда Жогорку Кеңештин жайынында билдирди.
Жыйында Жаманбаева депутат Дастан Бекешевдин «Өлкөдө саясий туткундар барбы» деген суроосуна «жок» деп жооп берди. Ал эл өкүлүнүн сөз эркиндиги тууралуу суроосуна да ошондой эле таризде жооп узатты.
«Акыркы жылдары кандайдыр бир кызматты аркалабаганымды эске алганда, ЖМКда эмне болуп жатканын байкаган деле жокмун, менимче сөз эркиндигине басым деле жок. Басым жок, бүгүнкү күндөгү абалга карата мага жоктой эле сезилип жатат. Билким иштеген соң пикиримди өзгөртүшүм мүмкүн», — деди ал.
20 жылдан ашык прокуратурада иштеп келген Жаманбаева 17-майда акыйкатчы болуп дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 48 депутаты колдоду. Аны бул кызматка «Мекенчил» депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги
Үстүбүздөгү жылдын майында сөз эркиндигин коргогон «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «басма сөз эркиндигинин» дүйнөлүк рейтингин жарыялаган. Анда Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 50 сап артка жылып, 122-орунга түшкөн. 2022-жылдагы рейтинг боюнча өлкө 72-орунда болчу.
Уюмдун маалыматына ылайык, кыргыз бийлиги дагы деле бардык салттуу ЖМКны көзөмөлдөп, өз таасирин ЖМК аркылуу жайылтууга аракет кылып келет. Уюмдан саясий лидерлер ЖМКны өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн пайдаланышарын, ал эми мамлекет журналисттердин маалыматка болгон жеткиликтүүлүгүн чектеп жатканын белгилешкен.
Мурдараак Human Rights Watch жана Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмдары өткөн жылга сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берип, Кыргызстанда сөз эркиндигине басым уланып жатканын белгилешкен.
Өткөн жылы иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күч менен чыгарылган, ал эми сот «Азаттык Медианы» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев, блогер Ырыс Жекшеналиевге карата карата иш козголгон.
Аны менен катар, өткөн жылдын октябрында 30га чукул активист жана саясатчылар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн кармалган. Алардын көбү «массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет кылган» деп айыпталышкан, айрым активисттер азыркыга дейре абакта.
Бирок кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар деп айтып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды «провокаторлор, мамлекетке дестабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетти ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендер» деп атап келишет.
Автору: Бурулсун Жумалиева