20 жылдан ашык прокуратурада иштеген Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болду

17-майда 20 жылдан ашык прокуратурада иштеп келген Жамиля Жаманбаева жаңы акыйкатчы болуп дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 48 депутаты колдоду.

Жаманбаеваны акыйкатчы кызматына «Мекенчил» депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы сунуштаган. Добуш берүүгө жалпы 71 депутат катышты.

Ал эми дагы бир талапкер Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековго 20 депутат добуш берип, бир эл өкүлү каршы болду. Рысбековдун талапкерлигин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы жана Аламүдүн районунан депутат болгон Сейидбек Атамбаев көрсөткөн.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзамга ылайык, акыйкатчы болчу талапкер 50дөн ашык добуш алышы керек экенин белгиледи. Ага парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «регламент боюнча, көпчүлүк добуш алган адам кызматка дайындалат» деп жооп берди.

Буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова мөөнөтүнөн мурда иштен кеткен. Ага ишеним көрсөтпөө сунушу 19-апрелде, Абдрахматова 2022-жылга карата өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндама кылган учурда берилген.

Абдрахматова өлкөдө биринчи жолу айым акыйкатчы болуп шайланган. Бул кызматка аны 2022-жылы мартта дайындашкан.

Жаманбаева деген ким?

46 жашатагы Жамиля Жаманбаева 1998-жылдан бери прокуратура тармагында ар кайсыл кызматта иштеп келген. 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкы прокурордун орун басары болуп эмгектенген.

Ал 2021-жылы өткөн соңку парламенттик шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен (тизмеде №28) катышып, бирок мандат алган эмес.

Жаманбаева акыйкатчы кызмат ордуна дайындалган алгачкы укук коргоо кызматкери эмес.

2018-жылы Акыйкатчы болуп атайын кызматтын генералы Токон Мамытов дайындалган. Мамытов 1980-жылы Ысык-Көл облусу боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) башкармалыгынын кызматкери катары ишин баштаган.

Ал өлкө эгемендик алганда укук коргоо органдарында иштеп, УКМК, Коргоо министрлигинде жетекчилик кызматтарды аркалаган, Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. 2021-жылы парламенттик шайлоого катышуу үчүн акыйкатчы кызматын тапшырган.

Автору: Бурулсун Жумалиева