Болот Темиров: Өз жаранын өлкөдөн чыгарып салуу — дүйнөлүк практикада дагы болгон эмес

Журналист Болот Темиров узакка созулган тынымынан кийин Фейсбук барагында Temirov LIVE командасы иликтөөчүлүк ишин улантарын жазды.

«Менде баары жакшы. Биринчиден, жөн гана эс алдым. Экинчиден, эки дос жана анын жан-жөкөрлөрү жашоомду татаалдантканга аракет кылды, бирок баарын жеңип чыга алдым. Ал жерде кызыктуу деле эч нерсе жок. Командабыз мурдагыай эле иштей берет. Биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана эң эле эффективдүү командалардын бири экенибизди далилдедик. Бул биздин Temirov LIVE жана Айт Айт Десе командалары түзүлгөн эки жылдын ичиндеги эң негизги жетишкендигибиз. Жакында жаңы чыгарылыштарды күтүңүздөр!» — деп жазды Темиров.

Журналист анын өлкөдөн чыгарылышы таптакыр мыйзамсыз экенин белгиледи.

«Бул айдан ачык нерсе. Мен туулганда эле Кыргызстандын жараны болуп төрөлгөм. Эч качан жарандыгымдан баш тарткан эмесмин. Өз жаранын өлкөдөн чыгарып салуу дүйнөлүк соттук практикада кездешпеген нонсенс», — деп кошумчалады журналист.

Ошондой эле Темиров ал үчүн тынчсызданып, жардам сунуштагандардын баарына ыраазычылыгын билдирди.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Соттун чечиминен кийин дароо эле Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет. «Адилет» укукктук клиникасы коомдук фондунун юристтери Бишкен шаардык соту Конституцияны одоно бузганын» белгилеген.

Анткен менен ИИМдин өкүлдөрү Темиров Кыргызстанда туулган, бирок өлкөнүн жараны эмес деп билдиришкен.

2022-жылдын декабрында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин жыйынында Болот Темировго Кыргызстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынганын айткан.