Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жактоочулары ИИМдин Тергөө кызматы «конституциялык укуктарды жана адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги принциптери бузууну улантып жатканын» билдиришти. Алар 31-майда маалымат жыйын өткөрүштү.
Жактоочулар мамлекеттик органдардан айыпталуучулардын укуктарынын бузулушуна көңүл бурууну, мисалы, иштин бардык материалдары менен таанышууга уруксат берүүнү жана соттук отурумдарды ачык өткөрүүнү суранышат.
Аны менен катар жактоочулар кылмыш иштерин кароодо камакта жаткан айыпкерлердин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнүштү.
Жактоочулардын нааразычылыктары
Адвокаттар үстүбүздөгү жылы январда тергөө жашыруун мүнөздөмөгө ээ болбогон материалдарды жана документтерди категорияларга бөлүүнү камсыз кылбастан, кылмыш иштин баарына «жашыруун» грифин койгонун белгилешти. Алар мындай кадамдар тергөөгө мыйзамды жана адам укуктарын одоно бузууларды жашырууга мүмкүндүк берди деп эсептешет.
«Тергөө тарабынан кылмыш ишиндеги “жашыруунга” кирбеген материалдарды бөлүү жана чектөө жөнүндө соттордун чечимдери бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Ушул себептен улам, кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу көчүрмөлөрү берилбей жана адвокаттардын өздөрүнө көчүрмөлөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү берилбестен, жашыруун түрдө уланууда. Азыркы учурда айыпталуучулар менен жактоочулар тергөөчүнүн кабинетинде отуруп, материалдардан үзүндүлөрдү кол менен жазууга аргасыз болушууда», — дешет укук коргоочулар.
Алар иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тартуу — соттолуучулардын коргонуу укуктарына шек келтирет, ошондой эле «адвокаттык иштин кепилдиктерин, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын бузат» деп эсептешет.
Жактоочулардын айтымында, кылмыш ишине коюлган «жашыруун» грифтен улам айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узартуу боюнча соттук отурумдар жабык өтүп жатат.
«Буга байланыштуу айыпталуучулар кылмыш ишин ачык-айкын териштирүүгө болгон укугунан ажыратылган. Айыпталуучулардын туугандары жана жакындары, коомчулук, ЖМК, укук коргоо институттары акыйкат соттун стандарттарын камсыз кылууну көзөмөлдөөдө чектелип келишет», — деп айтылат билдирүүдө.
Алар Тергөө кызматы айыпталуучулардын абактагы мөөнөтүн бир нече жолу жана негизсиз узартканына нааразы болуп жатышат.
«Соттор өз кезегинде айыпталуучуларды камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн ар бир кийинки чечимдериндеги опурталдыктарды тыкыр карап жана аларды талдоо менен, айыпталуучулардын эркиндикке болгон укуктарынын бузулуп жатканына кийлигишүү үчүн негиз катары карабай келе жатышат. Тергөөнүн тергөө чараларын узартуудагы чексиз мүмкүнчүлүгү — айыпталуучулардын кылмыш иштерин акылга сыярлык мөөнөттө кароо укуктарын бузган», — дешет жактоочулар.
Камакка алынгандардын жактоочулары мамлекеттик органдардан тергөө айыпталуучулардын айрымдарына котормочу укугун бербегендигине көңүл бурууну өтүндү.
«Оозеки котормону протоколго жазуу жүргүзүлбөйт, айыпталуучулар кылмыш ишинин материалдары менен өздөрү түшүнгөн тилде тааныша албайт», — деп укук коргоочулар нааразы болушту.
Кайрылуунун аягында, жактоочулар айрым мамлекеттик кызматкерлердин жана прокурорлордун «айыпталуучуларга карата кылмыш иши боюнча баа берип сүйлөгөн сөздөрү боюнча фактылар белгиленип, муну менен күнөөсүздүк презумпциясынын принциби бузулуп жатканына» даттанышты.
Кемпир-Абад иши
2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.
Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.
Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.