Кемпир-Абад иши: Активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна которулду

Кемпир-Абад иши боюнча ТИЗО-1ге камалган активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Фейсбуктагы барагында билдирди

ЖАКтын маалыматы боюнча, Бейшенбековду которууга андан тинтүү учурда уюлдук телефон табылганы себеп болгон. 

«“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн», – деп айтылат ЖАКтын билдирүүсүндө. 

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, буга чейин 2022- жылы дагы тинтүү иш-чарасында активисттин жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган.

Блогер жана жарандык активист Атай Бейшенбек коррупцияга каршы, сөз эркиндиги үчүн жана башка жарандык коомдун акцияларына активдүү катышып келген. 

2022-жылдын октябрында активист WhatsApp аркылуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдон коркутуулар түшүп жатканын билдирген. Ал эми Орунбеков коркутууларды четке кагып, Бейшенбекке «эскертип коюуну» гана каалаганын айткан. 

Буга карабастан, активист бийликти социалдык тармактарда, анын ичинде Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн дагы сынга алууну уланткан. Ал башка активист, саясатчы жана укук коргоочулар менен кошо былтыр 23-октябрда кармалган, бирок Бейшенбек Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөсүндө болбогонун көп эле айткан.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.