Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө матчество алууга уруксат берген Конституциялык соттун башчысы менен судьялары отставкага кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында айтты.
«[Матчество] элибизде, коомубузда аябай чоң резонанс жаратты. Бул абдан, кыргыз элине, кыргыз улутуна чоң сокку болду. Мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу биздин өлкөбүздө. Андыктан мен өзүмдүн пикиримди айта турган болсом, ушул чечимди кабыл алган Конституциялык сот, анын төрагасы токтоосуз түрдө кызмат ордуларынан кетиши керек. Анткени бул абдан уят иш. Кыргызга мындай кыянатчылык, кыргыз элинин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек болчу. Айла жок ошол чечимди оңдош үчүн ушундай маселелер кирип атат. Бул абдан жат көрүнүш. Андыктан Конституциялык соттун төрагасы баш болгон Конституциялык соттун курамын толугу менен кызмат ордуларынан өз ыктыяры менен кетишин талап кыламын», — деди Шакиев.
Спикердин бул сөзү залда кол чабуулар менен кубатталды.
Буга чейин айрым депутаттар дагы матчествого каршы ойлорун айтышкан. Мисалга, депутат Жусупбек Коргонбай уулу кыргызстандыктар матчество ала баштаса «кыргыз улуту жок болот» деп билдирген. Анын айтымында, Кыргызстанда «мыйзамдарды ушинтип өзгөртүп, улутту жок кылганга аракет кылган күчтөр бар» деп эсептейт.
Депутат Мейкинбек Абдалиев болсо матчество кыргыздын каада-салттарына сокку деп эсептейт.
«Биз кыргызды илгертеден чоң-чоң мамлекеттер, чоң-чоң улуттар жок кылабыз деп аракет кылышкан, азыр деле болуп атат. Бирок биз кыргыз эле үрп-адатыбыз менен, нарк-салтыбыз менен, улуттук оюндарыбыз менен, жети атабызды билгендигибиз менен мамлекет катары, улут катары сакталып, өнүгүп-өсүп келе жатабыз. Биз каникулда жүргөн кезде матчество [боюнча] чечим чыгарышыптыр, өтө туура эмес бул», — деди ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында.
3-июлда Конституциялык сот сүрөтчү жана активист Алтын Капаловага жашы жете элек балдарына матчество берүү маселесин канааттандыруудан баш тарткан, бирок кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышарын билдирген.
Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар Конституциялык соттун чечимин сынга алышкан. Матчествонун киргизилишине муфтий Замир Ракиев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да каршы пикирин билдиришкен. Муфтий «мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн» деп билдирген, ал эми Ташиев болсо Фейсбуктагы барагына «эч кандай матчество деген болбойт, ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын!» деп жазган.
Матчество боюнча чечимге каршы чыгып аткандарга Конституциялык соттун басма сөз катчысы Жылдыз Жороева жооп берген. Ал өзүнүн Фейсбук барагында Кыргызстанда канча бийлик бутагы бар экенин сурап, Конституциялык соттун чечим акыркы болуп эсептелинерин эске салган. Кийин Конституциялык соттун өзүнөн Жороеванын посту алар менен макулдашылбаганын жана бул алардын расмий позиция болуп эсептелинбесин билдиришкен.
Андан кийин 17-июлда президенттин администрациясы «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялаган. Аны менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого жана жокко чыгарууга уруксат берүү сунушталып жатат.
Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.
Бирок «Медиа Полиси Институтунун» юристтери мыйзам долбооруна комментарий берип, президенттин администрациясы Конституциялык соттун ишине «түз жана ачыктан-ачык эле» кийлигишүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Алар демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышкан.