Ош: Мурдаш суусунан изделген баланын сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт.

Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусунан изделген алты жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

4-июль кечки саат 21:00 чамасында Lada үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып Мурдаш суусуна кулаганы айтылган. Унаада айдоочу жана анын алты жашар баласы болгон.

Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып калышкан. Ал эми 5-июлда баланы издөө иштери башталган.

Буга чейин Жайыл районундагы Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан көлгө Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаа чөгүп, алты ымыркай жана өспүрүм каза болгон.