Милиция Ош–Ноокат жолунун талкаланып жатканын көрсөткөн активистти кармады

Кечээ милиция Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү активист Азамат Карабаевди кармады. Ага чейин ал курулуп жаткан Ош–Ноокат жолунун талкаланган жерлерин көрсөтүп, социалдык тармактарга видео жарыялаган.

«Мына, Ош-Ноокат жолу курулуп, жаңы асфальт басылып жатат, бирок жаңы асфальт мынтип талкаланып жатат [...] Бул канчага чейин чыдайт, ал жакта дагы талкаланып турат»,— деген ал видеодо.

Кийин активист аны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери «жол эрежесин бузганы» үчүн токтоткон учур тартылган дагы бир видеону жарыялаган [учурда ал өчүрүлгөн]. Андан соң ал жерге милиция кызматкерлери келип, анын үстүнөн тергөө жүрүп жатканын билдиришкен.

«Кайсы иш боюнча экенин айтыңыз, менин маалыматым жок. Түн ортосунда келип, МАИ кызматкери жалган айтып жатат [жол эрежесин бузганым тууралуу]. Мага эч кандай чакыруу берилген жок. Кайсы иш? [...] Эх, жок дегенде телефон чалуу керек эле»,— деген активист видеодо.

Милиция кызматкери жооп катары тергөөчү анын телефон номурун билбегенин айткан. Кийин Карабаев милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Көп өтпөй видео анын Фейсбуктагы барагынан өчүрүлдү. Облустук милиция «Клоопко» маалымдагандай, Кулатов айылынын тургуну массалык башаламандыкка айыпталууда. Мекеменин маалыматына ылайык, июль айынын башында Азамат Карабаев жана анын айылдаштары «ЮКЦ» цемент заводуна барып, активистти кайра жумушка алууну талап кылышкан. Милиция Карабаев ошол учурда өзүнүн «За правду» YouTube каналына цемент заводу жөнүндө видео жүктөгөнүн белгиледи. Ал видео боюнча жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертиза кылмыш ишин козгоого оң чечим берген.

«22-октябрда ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Ош шаарынын тургуну К.А. кармалып, шектүү катары камакка алынды. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда»,— дешти милициядан.

«За правду» YouTube каналында Азамат Карабаев «ЮКЦ» цемент заводу тууралуу онго чукул видеоролик жарыялаган. Алардын биринде ал жергиликтүү тургундар заводдун иштешине каршылыгын билдирүү үчүн заводдун алдында чогулушканын билдирген. Анын айтымында, заводдун ишинен улам экологияга зыян тийип, айыл жашоочулары булганган абадан дем алууда.