Улуттук банк алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу үчүн банктар жана кичи насыя берүү уюмдары үчүн жаңы эрежелерди киргизүүдө. Кеп жаңы киргизилип жаткан «токтотуп туруу мезгили» деген түшүнүк жана насыяны тариздөөдөгү чектөөлөр жөнүндө болууда.
Эми банктар насыя алып жаткан жарандарга «токтотуп туруу мезгилин» берүүгө милдеттүү болушат. Бул аралыкта кардар насыядан баш тарта алат.
Банктар кардардын эсебине акчаны которгонго чейин күтүшү керек болгон мөөнөт насыянын суммасына жараша болот. «Токтотуп туруу мезгилинин» минималдык мөөнөтү төмөндөгүдөй:
- 15 миңден 50 миң сомго чейин — 3 саат;
- 50 миңден 100 миң сомго чейин — 6 саат;
- 100 миң сомдон жогору — 24 саат.
Эгер насыянын суммасы 100 миң сомдон ашык болсо, анда банк кардарга телефон чалып, дагы бир жолу анын макулдугун алышы керек болот. Мындай телефондук чалуу «токтотуп туруу мезгили» аяктаганга чейин аткарылышы керек.
Улуттук банк мындан тышкары онлайн алууга мүмкүн болгон насыялардын максималдуу суммаларын да чектейт:
- жөнөкөй электрондук кол тамга колдонууда — 200 миң сомго чейин;
- күчөтүлгөн электрондук кол тамга колдонууда — 300 миң сомго чейин.
Кичи насыя берүү уюмдарында бул чектөөлөр 15 миң жана 150 миң сомду түзөт.
Документте Улуттук банктын бул токтому 15 күндөн кийин күчүнө кире турганы жазылган.