Front Line Defenders эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигине кайрылып, адвокат Самат Матцаковду бошотууну талап кылды.
Уюмдан Матцаковдун тынч укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн «ачыктан-ачык куугунтукталышын» айыптай тургандыктарын билдиришти.
«Front Line Defenders Кыргызстанда адвокаттарга, укук коргоочуларга жана журналисттерге карата басымдын күчөп жатканына байланыштуу кайрадан тынчсыздануусун билдирет. Мындай аракеттер өлкөдөгү жарандык коомго коркутуу таасирин тийгизүүдө», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Укук коргоочулар бул көрүнүш адвокаттардын куугунтуктан чочулабастан айыпталуучулардын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүндүгүнө коркунуч жаратат деп эсептешет.
Front Line Defenders кыргыз бийлигин Матцаковго тагылган бардык айыптарды алууга, ошондой эле анын физикалык жана психологиялык коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Уюм мындан тышкары башка бардык укук коргоочулар үчүн коопсуз ишмердүүлүктү кепилдөөнү талап кылды.
Буга чейин БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор да кыргыз бийлигинен Самат Матцаковго козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылган. Ал «адвокаттар кысым көрсөтүүдөн жана куугунтуктан корголууга тийиш экенин» белгилеген.
Матцаков буга чейин ТИЗОдо кыйноого кабылганын айтып чыккан KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Мындан тышкары ал журналист Актилек Капаров менен акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жаткан.
29-ноябрда УКМК кызматкерлери Матцаковдун үйүн тинтүүгө алып, андан соң юристти кармап кетишкен. Ага ири өлчөмдөгү алдамчылык жана документ жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголгон. Адвокат бул ишти «буйрутма» деп атап, аны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда.
Адвокаттын баш коргоо чарасы каралган сот отуруму түнү бою уланып, 30-ноябрь күнү эртең менен гана актаган. Жыйынтыгында сот аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.