Жогорку сот 13-январда Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди актады.
Соттун өкүмүнө ылайык, Самаевге «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча козголгон иш кылмыштын курамы жок деген негизде токтотулду. Мындан тышкары мурдагы калаа башчысына реабилитация укугу да берилди.
«Калганы боюнча С.У.Ого карата чыккан соттук актылар өзгөртүүсүз калтырылды», — деп билдиришти соттон.
Самаев 2023-жылы 17-апрелде кармалган. УКМК аны «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп шектеген. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 130 миллион сомдон ашары белгиленген.
Кийинчерээк Самаевдин үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Анда Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, Самаев тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом төгүп бергенин жазган.
Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.