Депутат Арка-2 айылындагы снаряддын жарылуусун иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлей районуна караштуу Арка-2 айылындагы снаряддын жарылуусун иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, снаряд жарылган үйгө кезинде Минкабдын мурдагы башчысы Акылбек Жапаров барып кеткен.

«Ал үйгө Акылбек Жапаров барып, чай ичип кеткен. Саперлор кайсы жакты караган, эмне себептен мындай болду? Бул тыкыр иликтениши керек»,— деди депутат.

Эл өкүлү снаряддын жарылуусунан улам ал үйдө жашаган үй-бүлөнүн мүчөлөрү жаракат алганын белгиледи.

5-январда Баткендин Лейлек районуна караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде снаряд жарылган. Үйдүн кожойкеси снарядды короосун жыйнап жатып, үйүлгөн эски темирлердин арасынан таап алган. Жарылуудан анын 12 жаштагы кызы да жаракат алган.

Эртеси саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаракат алгандарды Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына которууну тапшырган. Кийинчерээк мекемеден аялга операция жасала турганын билдиришкен.

Ага чейин Чек ара кызматы Кыргызстандын укук коргоо органдары окуя тууралуу тажик тарапка маалымат бергенин, адистер кырсыктын жагдайларын аныктоо иштерин жүргүзүп жатышканын билдирген.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын үйү 2022-жылдагы аткылоолор учурунда өрттөнүп кеткен.