Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков парламент депутаттарын шайлоонун системасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча комментарий берди.
Буга чейин бир катар парламентарийлер Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын баарын тең мажоритардык система боюнча шайлоону сунушташкан.
Орунбеков сунушталган өзгөртүүлөрдүн пайдасына бир нече аргументтерди келтирди.
Ал жаңы система депутаттарды аймактар менен тыгыз иштөөгө мажбурлай турганын, анткени ар бир округдан үчтөн эл өкүлү шайланып келерин жана парламентте эң аз дегенде 30 аял депутат болорун белгиледи.
Орунбеков ошондой эле жаңы системада талапкерлер партиянын курамына кирүү үчүн анын лидери менен соодалашып, ири суммада акча берген сыяктуу терс көрүнүштөр болбой турганын кошумчалады.
«Депутаттыкка талапкер – шайлоочудан башка эч кимге көз каранды болбойт», — деди ал.
Мыйзам долбоорун парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар депутаттар демилгелеген. Алар ар биринен үчтөн депутат шайланып келе турган 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округун түзүүнү сунуштап жатышат. Демилгечилердин пикиринде, мындай өзгөртүүлөр «Жогорку Кеңештин курамын партиялык тизмелер боюнча түзүүдөгү кемчиликтерди жоет».
Азыркы мыйзамга ылайык, парламенттин 54 депутаты партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.