Ош мэриясы 8-мартка карата уюштурган майрамдык иш-чарада ырчы Майрамбек Осмонов мэрге арналган ыр аткарды.
«Сиздин мыкты киши экендигиңизди азыр кыргыз эли бүт билет. Мен бул ырды уялбай, чын жүрөгүмдөн ырдайм», — деген Осмонов ырын баштап жатып.
Ырда Токторбаев Ошко келгенден кийин калаада «жакшы иштер жүргөнү» жазылган. Анткен менен анын дайындалганына 1,5 ай гана болду.
«Үлгү болуп доско дагы башкага,
Сен барганда жарк дей түштү Ош калаа.
Элим үчүн зор иштерди баштадың,
Бүтүр эми ара жолго таштаба», — деп жазылган ырдын текстинде.
Ошондой эле ырдын бэк-вокалында «Жеңишбек» деп коштолуп ырдалган.
Соцтармак колдонуучулары 23-январда дайындалган мэрдин ишине баа берүүгө али эрте экенин белгилеп, мэрди мактоого шашылбоого чакырышты.