Баткендин Достук айылынын тургундарына үйлөр курула баштады

Баткен облустук администрациясы 14-мартта, Достук айылынын эли үчүн Чет-Булакта турак-жайлардын курулушу башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, ар бир курулушка 10 сотыхтан жер бөлүнүп, жалпы 179 үй курулат. Үч бөлмөдөн турган үйлөрдүн курулуш күз айларына чейин бүткөрүлөт.

27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылы жаңы салынган үйлөрү менен кошо толугу менен Тажикстанга өткөрүлгөнүн билдирген.

5-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыккан. Мындай билдирүүсүнөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.

Айжигитиовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «манипуляция жасоого» айыптаган.

6-мартта Достук айылынын эли Чет-Булак аймагына көчүрүлөрү маалым болгон. Анда облустук администрациядан ар бир үй ээси үчүн 5 сотых жер тилкесине мамлекет тарабынан 71 турак үй курулат деп билдиришкен.

Кийин облус башчысы Айбек Шаменов менен Достук айылынын тургундары менен жолугушуудагы видео тараган. Анда эл 5 сотых жер аз деп айтканда, Шаменов аларга орой жооп берген. Кийин президент облус башчысына оозеки эскертүү берген.

Шаменов Достук айылынын элинен кечирим сурап, жердин аянтын чоңойто турганын билдирген.

13-мартта, Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.