Парламент депутаттарына кайрадан кызматтык унаалар берилет

Президент Садыр Жапаров 11-мартта «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Документ мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, бүгүнтөн тарта күчүнө кирди.

Жогорку Кеңеш 6-февралда кабыл алган документке ылайык, депутаттарга кызматтык унаа берүү тартибин Минкаб аныктайт.

Эски мыйзам боюнча, иш сапарлар үчүн кызматтык транспортту I топтогу майыптыгы бар депутаттар гана пайдалана алган.

2015-жылы парламенттин ошол кездеги чакырылышы бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында кызматтык унаалардан баш тарткан. 2022-жылы автоунаалар айым депутаттарга гана берилген.

2024-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин төрага орун басары Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык транспортту кайтарууну сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеген. Анын айтымында, депутаттар «ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткара алышы үчүн» аларга кызматтык унааларды кайтаруу зарыл.

Бирок анда президент бул сунушту колдогон эмес. Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2025-2026-жылдарга бекитилген республикалык бюджетте мындай чыгымдар үчүн каражат каралбаганын билдирген. Анын айтымында, мыйзамды ишке ашыруу кошумча унааларды сатып алууну жана айдоочулардын штатын кеңейтүүнү талап кылат.