Эгер Бишкектеги мектептерде орундар жетишсиз болсо, 1-класстын окуучулары жакын жайгашкан бала бакчалардын имараттарында билим алышат. Бул тууралуу шаардык кеңештин 22-апрелдеги жыйынында калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, мэрия азырынча ушундай вариантты караштырып жатат.
«Эгер билим берүү мекемелеринде орундар жетишпесе, анда даярдык тобунда болушу керек болгон балдар 1-класстын окуучусу катары эсептелип, мектептерге бекитилет. Болгону алар буга чейин тарбияланган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим алышат», — деди Мозгачева.
Мэриянын Билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева окуучулар бала бакчаларга сабактардын жүгүртмөсү боюнча бир нече саатка барарын билдирди. Ал ар бир сабак 35 мүнөткө созулуп, окуу процесси эки нөөмөттө болорун кошумчалады.
«Бала мектептин окуучусу болуп эсептелип, сабактарды ошол мектептин мугалимдери өтөт», — деди ал.
Мусаеванын айтымында, бала бакчаларга 1-класстын 14 миң окуучусун жайгаштыруу пландалууда.
«Бул сандар ички миграцияга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Быйыл 1-класста 23 миң, 2-класста 25 миң окуучу болот деп күтүлүүдө. Биз 1-класстагы 23 миң окуучунун 9 миңин гана мектептерге батыра алабыз, калган 14 миңин бала бакчалардын имараттарына жайгаштырууну пландап жатабыз. Бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн, анткени азырынча мектептерде окуу бөлмөлөрүн издөө иштери уланууда», — деди Мусаева.
Жалпысынан Бишкекте 120 мектеп жана 118 муниципалдык бала бакча бар. Азырынча мектепке чейинки канча билим берүү мекемесинде 1-класстын окуучулары билим алары так белгисиз.