Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында жаткан Тилекмат Куреновдон кабар алды. Мекеме билдиргендей, камактагылар кармоо шарттарына жана кызматкерлерге «нааразы болгон эмес».
«Тилекмат Кудайберген уулу дагы эки киши менен бир камерада отурат. Ал дагы УКМКнын ТИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанган жок», — деп жазылган маалыматта.
19-апрелдин кечинде УКМК Тилекмат Куренов Бириккен Араб Эмирлигинде кармалып, өлкөгө жеткирилгенин маалымдаган.
Ага чейин Куреновдун жакындары ал 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын соцтармактарга жазышкан. Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Куреновдун үй-бүлөсүнө калтырган катын жарыялап, үйүндө тинтүү жүрүп, өзү камалган.
21-апрелде Биринчи май райондук соту Тилекмат Куреновду 19-майга чейин камакка алган.
Оппозициячыл активистке «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча айып тагылып жатат.