Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын пикиринде, армияда кызмат өтөбөгөн жигиттер үй-бүлө үчүн жоопкерчиликти сезишпейт.
«Керек болсо кыздар армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпай эле коюш керек. Ал деген аскерде кызмат кылбаса, элин коргоого жарабаса... Ошондуктан үй-бүлөгө жоопкерчилик жок болуп, ажырашкандардын, тирүү жетим балдардын саны көбөйүп жатат. Эркек балдарыбыздын мүнөзү жумшак, эрке талтаң болуп, жоопкерчиликти сезбестен, үй-бүлө институту талкаланып жатат», — деди Нарматова парламенттин 21-майдагы жыйынында.