27-май күнү саат 15:00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевге өкүм чыгарылат. Прокуратура соттон аны жети жылга эркинен ажыратууну өтүнүүдө.
УКМК Карабаевди «бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» жана «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо» айыптары менен былтыр июлда кармаган. Адвокаттары ага экспертизанын корутундусун күч түзүмдөрүнүн каалоосундай кылып жазып берүүдөн баш тартканы жана кесиптештерин сындаганы үчүн иш козголгонун айтышкан.
Карабаев ТИЗОдо төрт ай отургандан кийин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Анын иши боюнча сот дале уланууда.
Кыргызстанда күч түзүмдөрү соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн журналисттерге, укук коргоочуларга же активдүү жарандарга кылмыш ишин козгоо үчүн илимдер академиясынын кызматкерлеринин экспертизаларын колдонушат. Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, ал экспертизалар өлкөдөгү сын-пикирлерди басуунун куралдарынын бири катары пайдаланылат.
Карабаевдин иши тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.