Бишкек: Музыкалык окуу жайдын имараты бузулса, студенттери кайда окушарын билишпейт

Бийлик быйыл жайында Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратын бузууну пландап жатат. Студенттерге алар имаратта 23-июнга чейин гана боло алышарын эскертишкен.

Студенттердин бири 24.kg басылмасына кийинки окуу жылында кайсы имаратта окуй тургандыктары белгисиз экенин билдирди.

«Бизге болжол менен жарым жыл мурда министрликтен келип, имаратыбыздын жертөлөсү жок болгондуктан, реконструкция иштери жүргүзүлөрүн айтышкан. Эми болсо имарат бузуларын, биз “Туңгучтагы” муз аянтынын жанында окуй турганыбызды билдирип жатышат. Бирок биз билгенден, ал жакта биздин окуу жайга ылайыктуу имарат жок», — деген студент.

Анын айтымында, студенттер менен ата-энелери окуунун башка имаратта улантылышына макул эмес жана бул боюнча Маданият министрлигине кайрылууга ниеттенип жатышат.

Басылмага маданият министринин орун басары учурда музыкалык окуу жайды убактылуу жайгаштыруу үчүн бир нече вариант каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, окуу жайдын жаңы имараты эки жылга жакын убакытта курулуп бүтөт.

Буга чейин архитекторлор менен сүрөтчүлөр президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги архитектура эстеликтерин бузууну токтотууну өтүнүшкөн. Алар буга чейин Панфилов музейи, Эркиндик бульварындагы тарыхый имараттардын бир бөлүгү жана «Эркин-Тоо» басмаканасы бузулганын белгилешкен. «1920-50-жылдардагы имараттар жапайычылык менен талкаланып жатканы» жазылган ачык катка 16 киши кол койгон.

Жапаровдун тушунда Бишкекте бир нече тарыхый имарат бузулду. Алардын арасында «Ак Кула» ат майданы, Панфилов дивизиясынын музейи, «Ысык-Көл» мейманканасы жана ВДНХ сыяктуу имараттар бар. Булардын айрымдарынын ордуна көп кабаттуу турак жайлар менен бизнес-борборлор курулуп жатса, мейманкана менен ВДНХ президенттин жаңы кеңссесин жана конгресс-холл куруу үчүн бузулду.

Өткөн жылы жайында Экономика министрлиги «шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында» мамлекетке таандык тарыхый-маданий мурастардын имараттарын инвесторлорго берүүнү сунуштаган. Кийинчерээк бийлик мындай имараттарды инвентаризациядан өткөрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болуп, Кыргызстандын коммунисттери Бишкектин Эски аянтындагы имараттар тарыхый эстеликтер тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.