Кыргызстандык Бактыбек Молдалиев «Клооптун» материалын бөлүшкөнү үчүн үч жылга соттолду

Укук коргоочу Рита Карасартова фейсбук барагына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бактыбек Молдалиевди үч жылга эркинен ажыратканын жазып чыкты.

Молдалиев 2026-жылы 8-майда, соцтармактарга жазган Кыргызстандын бийлигине сын айткан посттору үчүн кармалган. Ага карата массалык башаламандыктарга ыктымал чакырык үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок Молдалиевдин өкүм чыкканга чейинки жазган катында анын постторунан эч кандай чакырыктын белгилери табылган эмес. Тергөөчү ишти кайра квалификациялап, Молдалиевди «Клооп» сайтынын маалыматтарын тараткан деген шылтоо менен, экстремисттик материалдарды бөлүшүүгө айыптаган.

«Сот өз чечимин лингвист эксперттин [Таалайбек Абдыкожоевдин] корутундусуна таянып чыгарды. Башка далил жок. Бирок, экспертиза далил эмес», — деп жазды укук коргоочу Рита Карасартова.

Анын айтымында, тергөөчүлөр эксперт-лингвистке сабатсыз суроо беришкен, ал эми Таалайбек Абдыкожоев укуктук суроого жооп бергенге укугу жок болчу.

Суроо мындайча болгон: «Фейсбуктагы “Бактыбек Молдалиев” аккаунтунун изилдөөгө берилген материалдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик деп табылган материалдарды, символикаларды, маалыматтарды интернет аркылуу же социалдык тармактар аркылуу жайылтуунун, таркатуунун белгилери болгонбу? Эгер бар болсо, кайсы публикацияда жана кандай формада болгонун көрсөтүп бериңиз». Абдыкожоев буга ооба деп жооп берген.

«Бирок, экспертиза далил эмес, анткени лингвист эксперт укуктук суроого жооп бергенге укугу жок болчу. Милисалар сабатсыз суроо койсо, алар буйуртмадан чыга албай укуктук суроого Таалайбек Абдыкожоев аттуу эксперт корутунду жазган. Лингвистик суроого жооп берип, укуктук суроого жооп бере албайм деп койсо, сабаттуулугун далилдемек», — дейт ал.

Карасартова сот бир гана эксерттин кортундусуна таянбашы керек, анткени «корутунду бул пенденин пикири» экенин баса белгилеген.

«Сот ал корутундуга баа берип, лингвист укуктук суроого жооп бербеш керек деп мыйзамдуу өкүм чыгарууга барыш керек эле», — деп жазды Карасартова.
Молдалиев өзү Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси өтө эле чала, адилетсиз элдин укугуна кыянаттык менен жазылганын айткан.

«Кесепети карапайым элдин балдары жалган жалаага кабылып, атайын уюштурулган кылмыш тузактарына түшүп, далилсиз айыптоолор менен сот жообуна тартылышып, соттолуп жаткандарына күбө болдум. Укугу тебеленип, тагдырлары талкаланган карапайым элдин уулдары көп», — деген ал абактан жазган катында.

Молдалиев мамлекеттин казынасына кол салган коррупционерлер, паракорлор, элдин аманатына кыянат кылган кызматкерлер кармалып, абакта түшкөндөр эч кандай жаза албай кутулуп кетип жатканына нааразы болгон.

«Ошолорго сын-пикир жазган мен кылмышкер болуп түрмөдө отурамын. Адилетсиздиктин туу чокусуна келдик», — деген ал.

Таалайбек Абдыкожоев

Таалайбек Абдыкожоевдин эксперттик корутундусу медиа өкүлдөрү менен катар ар кыл активисттерди куугунтуктоого дагы негиз болгон. Мисалга, Temirov Live жана «Айт Айт Десе», «Клооп», «Апрель», ошондой эле Канышай Мамыркулованын иштеринде далил катары колдонулган.

2025-жылдын 27-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин менен иликтөөчү-журналист Болот Темировдун ишмердүүлүгүн, ошондой эле экөө негиздеген басылмалар — «Клооп», «Темиров ЛАЙВ» жана «Айт-Айт Десенин» аты аталбаган материалдарын экстремисттик деп тапкан.

Ошентип Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ЖМК материалдары экстремисттик деп таанылган болчу.

Журналисттерди айыптоодо чечүүчү далил катары Республикалык психиатрия жана наркология борбору менен соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундулары алынган. Дал ушундай корутундулар активисттерди, укук коргоочуларды жана журналисттерди куугунтуктоонун негизги куралы болуп калган.

Эксперттер анализдеген жана акырында сот экстремисттик деп тапкан конкреттүү материалдар өкүмдө жазылган эмес. Алар кайсы материалдар экенин билүү дагы мүмкүн эмес. Алар жүктөлгөн дискти сот отурумунда тешип коюшкан, ал эми сакталган флешкарта жоголуп кеткен.

Соттун өкүмүндө эксперттер талдаган материалдар айтылбайт, бирок «бийликти жана мамлекетти дискредитациялаган, Кыргыз Республикасынын терс образын жайылткан маалыматтык экстремиздин белгилери табылганын» белгилешкен. Бирок «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамда «маалыматтык экстремизм» деген түшүнүк жок.