Видео: Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам акча үчүн сүрөткө түшүүгө аргасыз

Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам – Жеңишбек Райимбаев – дарыланууга каражат чогултуу үчүн Ош базарында акчага сүрөткө түшүүгө аргасыз. Эки жыл мурун дарыгерлер ал кант диабети менен ооруй тургандыгын жана денесине көптөгөн чыйкан чыгып кеткендигин аныкташкан болчу. Азыр анын бетинде жана башында айыгып кетчү шишиктер бар.

Автор: Гульжан Турдубаева