«Сиздин депутат»: Жалпы республикалык тестирлөөнү Бирдиктүү мамлекеттик сынакка алмаштыруу керекпи? (видео)

Парламентарийлер Дастан Бекешев («Ар-Намыс») менен Наталья Никитенко («Ата Мекен») «Сиздин депутат» берүүсүндө Кыргызстан жалпы республикалык тестирлөөдөн баш тартышы керекпи деген теманын айланасында талкуу жүргүзүштү.

Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ жалпы республикалык тестирлөөнү Бирдиктүү мамлекеттик сынакка алмаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгелешти. Ал сынак Орусиядагы Бирдиктүү мамлекеттик сынак менен Казакстандагы Бирдиктүү улуттук тестирлөөгө окшош болот.

Мыйзам долбооруна ылайык, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы үчүн милдеттүү болгон сынактар азыркыдай көз карандысыз борбор тарабынан эмес, мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлөт.

«Сиздин депутат» берүүсү Улуттук демократиялык институттун колдоосу менен ЭлТР телеканалында чыгат. Kloop.kg берүүнүн бул чыгарылышын анын негиздөөчүлөрүнүн уруксаты менен чыгарууда.

«Сиздин депутат» берүүсүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасы.