Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык түйүндөр менен жаңылыктар сайттарын тосмолобой тургандыгын убадалады. Буга чейин күч түзүмдөрү «экстремисттик мүнөздөгү» сайттарды соттун чечимисиз эле тосмолоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунушташкан болчу.
2014-жылдын декабрынын ортосунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргонуу кеңеши жана Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы «экстремисттик сайттарды» соттун чечимисиз эле тосмолоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунушташкан.
Бүгүн, 9-февралда, ал мыйзам долбоору Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетте биринчи жолу талкуудан өттү.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоору «максаттуу түрдө террористтик мүнөздө иш алып барган» сайттарга гана багытталгандыгын билдирди.
«Жаңылыктар сайттары болбойт. Аларда өзүлөрүнүн редакциялык саясаты болот, анын негизинде түрдүү жаңылыктарды чыгарышат. […] Адам өлтүрүү актылары, терроризм сыяктуу нерселер жайгаштырылган сайттар тосмолонот», — деди ал.
Сулайманов сайттын «экстремисттик» же андай эмес экендигине баа берүү менен көз карандысыз комиссия алектене тургандыгын билдирди. Анын айтымында, андай сайттарды тосмолоо чечимине сот аркылуу жетүү — «көпкө чейин созулуп кетиши мүмкүн болгон оор процедура» болуп эсептелет.
«Кам санабагыла, силердин оюңарды түшүндүм. Бир эле материал үчүн силердин маалымат агенттигиңер томолонбойт. Ал жакта жөн гана алар менен («экстремисттик» сайттар менен) кантип күрөшүү керектиги боюнча атайын мыйзамдуу ыкмалар болот. Биз Интернет-агенттиктер эмес, а экстремисттик сайттар жөнүндө айтып жатабыз», — деди басма сөз катчы.
Сулаймановдун айтымында, сотко чейин тосмолоо чечимин жокко чыгаруу үчүн даттануу процедурасы дагы деле иштелип чыгуу баскычында.
Тосмолоо жөнүндөгү мыйзам долбоору
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндөгү чечим курамына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргоо кеңеши жана Куралдуу күчтөрдү генералдык штабы кирген Мекемелер аралык координациялык комиссиянын жыйынында кабыл алынган.
Даярдалып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын бийлиги «террористтик жана диний экстремисттик маалыматтарды» камтыган сайттарды соттун чечимисиз эле тосмолой алышат.
Сулайманов андай чаралар «толугу менен террористтик мүнөзгө ээ маалыматтарды камтыган» сайттарга карата гана колдонула тургандыгын билдирди — айтымында, мисалы, мыйзам андай мүнөздөгү видеолор менен сүрөттөрдү иллюстрация катары пайдаланган жаңылыктар сайттарына тийиштүү болбойт.
УКМКнын басма сөз катчысынын айтымында, учурдагы мыйзамдарда прокуратура органдары менен улуттук коопсуздук кызматы сайтка экспертиза жүргүзгөн соң анын негизинде тосмолоо чечимин соттор кабыл алышат.
Азырынча сайттарды соттун чечимисиз эле тосмолоо укугунун кимге берилээри боюнча чечим кабыл алына элек. Сулайманов андай укукка Башкы прокуратуранын ээ болуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.
Кыргызстанда «Аль-Каида», «Талибан кыймылы», «Өзбекстан Ислам кыймылы» жана «Хизбут-Тахрир» баш болгон 13 уюм террористтик жана диний экстремисттик деп табылган.