«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы шайлоодо добуш берүүгө катышуу үчүн керектүү болгон бардык жол-жобо эрежелерди түшүндүргөн видео жарыялады.

26-августта «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына белгилүү «Супербратья Марио» оюнунун стилиндегидей анимацияланган кыска тасма жарыялады.

Анда 2015-жылдын күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо биометрикалык маалыматтарын тапшырган гана жарандар добуш бере алары жана Кыргызстандын ар бир жараны өзүн шайлоочулардын тизмесинде бар-жоктугун текшерип коюсу керектиги тууралуу айтылган.

27-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө 45 күн калганга чейин илинерин, а шайлоого 40 күн калганга чейин шайлоочуларга тизмеде бар экендиги тууралуу билдирүү жөнөтүлүшү керектигин билдирген.

«Өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган же анда кандайдыр бир катанын бар экендигин аныктаган каалаган шайлоочу добуш берүү күнүнө 15 календарлык күн калганга чейин тиешелүү шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу», — деп билдирген мекеме.

Тема боюнча: ТИМ: Шайлоочулардын тизмелери шайлоого 45 күн калганга чейин илиниши керек