Орусия президенти Владимир Путинди колдоо кыймылынын уюштуруучулары Кыргызстан башка өлкөлөр менен мамиле түзүүдө алардын Орусия менен болгон мамилелеринин кандай экендигин эске алуусу керек деп эсептешет. Кыймыл май айында митинг өткөргөнү жатат — ага «кеминде 1000 киши» катышат.

Путинди жана Орусияны коргоо кыймылы «Алтын доор», «Баатыр ордо» жана «Улуу максат» коомдук уюмдары тарабынан уюштурулган. Расмий түрдө алар тараптан орус президентин колдоо биринчи кезекте терроризмге каршы күрөшүү жана ЕАЭБдин алкагында иштешүү экенин билдиришти.

Уюштуруу комитетинин теңтөрагасы Тилек Исаев Кыргызстан башка өлкөлөр менен болгон эл аралык долбоорлорду алар Орусия менен болгон мамилесин «жөнгө салгандан кийин» гана ишке ашыруусу керек деп эсептейт.

«Эгер ошондой кылсаңар, анда достошобуз. Андай болбосо — биз токтойбуз», — деди ал.

Кыймыл тарабынан таратылган расмий билдирүүдө чет элдик ЖМКларда Путинге каршы «эл аралык өнөктүк» башталгандыгына ишендирилүүдө.

«Унчукпастан четте карап турууга болбойт деп эсептейбиз жана кыргызстандыктар катары Кыргыз элинин досу жана биз сыйлаган Орусиянын президентинин ар-намысы менен аброюн коргоого өз добушубузду кошуу ниетиндебиз!» — деп жазылган текстте сөзмө-сөз.

Жаңы түзүлгөн кыймылдын мүчөлөрү Орусиянын президентин колдоп тынчтык акцияларын өткөрүүнү пландап жатышат. Алардын айтымдарында, жакынкысы майда болот — ага «кеминде 1000 киши катышат».

Видео: Дастан Үмөттегин