Сапар Исаковдун абалы «туруктуу» — УКМК

УКМК мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден-соолугунун абалы «туруктуу» экенин билдирди.

«[Исаков] тийиштүү түрдө дарыланып жатат жана күнү-түнү врачтардын кароосунда», — деп билдиришти УКМКдан.

Исаков 16-августта «кыр арка артерияларынын синдрому» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.